• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 9 медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Казакстандын Тараз шаарында шотокан каратэ-до боюнча кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор, ардагерлер арасында Азиянын ачык чемпионаты жана балдар арасында ачык Азия кубогу өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 23-декабрдан 24-декабрга чейин өткөн мелдешке Шотокан каратэ-до федерациясынан 19 спортчу катышты.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 3 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Кумите программасы боюнча 8-9 жаш куракта:

Кызжибек Жаныбекова – коло;
Матвей Паладин - коло;

кумите программасы боюнча 10-11 жаш куракта:

Рауф Кыдыралиев – алтын;
Амантай Абдимиталипов – күмүш;

кумите программасы боюнча 14-15 жаш куракта:

Бакытбек Жузмалиев – коло.

кумите программасы боюнча 16-17 жаш куракта:
Адилхан Моңолдоров – коло.

8-9 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:

Атабек Эсеналыев – алтын;
Нурмухамед Матраимов – алтын;
Алибек Эсеналыев – күмүш;
Эмирлан Рабшанов – күмүш;
Баян Канатбеков – күмүш;

16-17 жаштагы командалык кумите программасы боюнча:

Самуил Койчубеков - коло;
Абубакир Аширбеков – коло.

18 жаштан жогорку курактагылар командалык кумите программасы боюнча:

Батырхан Мукайбеков – алтын.

Пикир

Оставить комментарий