• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: чакан жана орто ишкерлер колдоого алынат

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Күн мурун Ош шаардык прокуратурасында бизнес чөйрөсүнүн, шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү, деп билдирет Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Ош шаарынын прокурору Малик Бектурганов, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Карыбеков, шаардык жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында ишкерлерге текшерүү жүргүзгөн учурда ачык-айкындуулукту камсыздоо, бизнеске административдик басымды азайтуу максатында иштелип чыккан «Бизнес Коргоо» мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча түшүнүктөр берилди.

Марс Исаев Ош шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын алкагында ишкерлерге ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйын жалпысынан суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу, көзөмөлдөөчү органдардын өз ара аракеттенүүдө орун алган маселелерди чечүү боюнча сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий