• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана улуттук адабият күнүнө карата Таластын Айтматов районунун Шекер айылында салтанаттуу иш-чара өттү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага облус башчысы Нурлан Дарданов, район акими Бектур Сагымбаев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, мекеме-уюм кызматкерлери, жергиликтүү коомчулук катышты.

Залкарды эскерүү мааракеси анын эстелигине гүл чамбарларын коюп, арбагына багыштап куран окуу менен башталды.

Андан соң, иш-чара залкар калемгердин айылындагы "Күркүрөө" маданият үйүндө улантылды.

Борбор калаадан келген Кыргыз улуттук "Манас" театрынын кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолгон салтанатта чыгармачыл калемгерлер, жергиликтүү айыл аксакалдары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун басып өткөн жолун эскеришип, анын чыгармаларындагы терең мазмундуу ойлорго токтолушту.

Облус жетекчиси Нурлан Дарданов жалпы элди улут сыймыгы Ч.Айтматовдун туулган күнү жана адабият күнү менен куттуктап, Айтматовдун адабият айдыңына өтөгөн баа жеткис эмгегин баса белгилеп, залкардын 100 жылдыгын бийик деңгээлде өткөрүүгө жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий