• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дүйнөлүк банктан алынган 50 млн доллар эмнеге жумшалат?

Экономика 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Бишкек шаарындагы абанын булганышын жөнгө салууга 50 млн доллар насыя берет. Бүгүн, 12-декабрда финансы министри Бакыт Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлду.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, насыя 50 жылга берилерин жана каражат төмөнкү багыттарга жумшаларын белгиледи:

- жеке секторго жылуулук насосторун сатып алууга;
- Бишкек шаарын жашылдандырууга;
- абанын булганышын анализдөөчү эколабораторияны куруп, жабдуулар менен камсыздоого;
- абанын сапатын мониторингдеген 11 автоматтык станцияны орнотууга;
- мобилдүү 8 станцияны модернизациялоого.

Пикир

Оставить комментарий