• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Абанын сапатын жакшыртуу” долбоору. Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банк макулдашууга кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тарабынан сунушталган “Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу: негизги факторлорду түшүнүү жана чечүү, кызыкдар тараптардын чогулушу” долбоорунун презентациясына катышты.

Өз сөзүндө, министрлер кабинетинин башчысы "Өлкө президенти климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык көйгөйлөрдү бир нече жолу эл аралык бийик трибуналардан көтөрүп чыкканын" белгиледи.

«Ак мөңгүлүү тоолордун чокуларында жана дарыялардын булактарында жайгашкан Кыргыз Республикасы Жер планетасынын жана адамзаттын жашоо-турмуш нымдуулугунун, глобалдык температурасынын туруктуулугунун сакчысы катары өз миссиясын аткарып келет. Белгилей кетчү жагдай, бүгүн биз, өлкөбүздүн президентинин катышуусунда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн, Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын “жаңы” жыйынтыктары боюнча чогулуп жатабыз- деп кошумчалады МинКаб башчысы.

Ал ошондой эле акыркы жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты маселеси абдан актуалдуу болуп жатканын кошумчалады.

"Бул маселенин туура чечилиши бизге башка шаарларыбызды индустриалдаштырууну натыйжалуу пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет», - деген Акылбек Жапаров, ошондой эле борбор калаанын абасынын булганышын минималдаштыруу боюнча 4 негизги иш-чарага токтолду.

Катуу минералдар менен жылытуу булактарын пайдаланууну азайтуу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы менен биргеликте 9 калктуу конуштар газдаштырылды, 22 көмүр отканасы жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүлдү, андан тышкары газ жабдууларын сатып алуу үчүн мамлекеттик банктар аркылуу борбор калаанын тургундарына 1 млрд сом өлчөмүндөгү субсидия каралган.

«Автобустарды коомдук транспорттун экологиялык жактан таза формасына алмаштыруу, электр кубатын кубаттоочу инфраструктураны түзүү жана электромобилдерди сатып алууну стимулдаштыруу үчүн 2023-жылга карата муниципалитетке 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Катализаторлордун жарактуулугу жана жеткиликтүүлүгү боюнча техникалык кароо чаралары күчөтүлдү", — деди Акылбек Жапаров.

Борбор калаадагы абанын булганышын минималдаштыруунун дагы бир чарасы, Акылбек Жапаровдун айтымында, Бишкек полигонундагы бир нече ондогон жылдарга созулган өрттү толугу менен локализациялоо жана анын аймагын рекультивациялоо болду.

«Жашылдандыруу да маанилүү. Бишкекте 22 миң бак жана 110 миң тосмо бадал отургузулду. Өлкөдө Президенттин “Жашыл Мурас” демилгеси бар. 2023-жылга чейин 7 миллион бак-дарак отургузулган. Жалпы аянты 4,3 гектарды түзгөн парк аймактары реконструкцияланып, көрктөндүрүлдү», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дүйнөлүк банктын бул багытта кошкон салымын баса белгилеп, эл аралык өнөктөштөргө “Өлкөбүздүн абасынын сапатын жакшыртуу” долбоору үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.


Маалымат үчүн: 50 миллион долларлык долбоор борбор калаага багытталган жана 2023-жылдан тарта ишке ашырылууда. Долбоордун түзүмүндө атмосфералык абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо, жылытуу үчүн экологиялык таза чечимдерди киргизүү, ошондой эле шаарды жашылдандыруу кирет.

Пикир

Оставить комментарий