• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда түзөтүү мекемелеринде 8 миңге жакын киши жазасын өтөп жатат

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы түзөтүү системасында 7 миң 634 киши жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 10 жатак абагы, 10 түзөтүү абагы жана 6 тергөө изолятору бар.

"Азыркы учурда аталган үч жайда жалпы 7 миң 634 адам жазасын өтөп жатат. Мурунку жылы ушул убакытта 8 миң 18 жаран, 2021-жылы 8 миң 818 жаран, 2020-жылы 10 миңге жакын жаран жазасн өтөгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий