• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 4,4% өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир триллион сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, көрсөткүч 2022-жылдын такталган тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көбөйдү.

"Жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 428 миллиард сомду түздү", - деди ал.

2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (1,8 эсеге), фармацевтикалык продукциянын (1,5 эсеге), текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүнүн (23,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердигинин (23,0 пайызга), тазаланган мунай заттарын өндүрүүнүн (8,4 пайызга), химиялык продукциянын (7,4 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,3 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (3,5 пайызга) өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 1,8 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий