• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эмгек министри Швейцариянын элчиси менен жумушсуз жаштарды кесипке окутуу маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен кызматташуу маселелерин талкуулады.

Тараптар кыска мөөнөттүү курстар аркылуу жаштарды, аялдарды жана аярлуу катмардагы адамдарды квалификациясын жогорулатууга же кайра даярдоого багытталган “SDK – Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү” жаңы долбоорун ишке ашырууну талкуулашты. Тренингден кийинки колдоо, кесипке багыт берүү жана кесип тандоого колдоо курстун катышуучуларына пайдалуу жумуш орундарын табууга жардам берет.

"Министрлик тарабынан иш менен камсыз кылууга жана ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатында ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда, анын ичинде эмгек рыногун талдоо жана баалоо боюнча долбоор, анын алкагында жумуш берүүчүлөрдү сурамжылоо, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн көзөмөлдөө жүргүзүлөт.

Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө эмгекке умтулуунун жагымдуу шарттарын түзүү, чыгармачыл жөндөмдөрдү аныктоо жана өнүктүрүү, кайра окутууга жана жаңы билимдерди, компетенцияларды жана көндүмдөрдү алууга даярдык маселелери актуалдуу болууда", - деди министр Гүлнара Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий