• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУ менен КРСУ ректорлору эл аралык байланыш багытындагы кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келген Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин ректору Денис Фомин-Нилов баштаган делегация ректор Кудайберди Кожобеков баштаган жетекчилер менен жолугушту.

ОшМУдан билдиришкендей, жолугушууда эки окуу жайдын билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштары багытындагы кызматташтыктары боюнча сөз болду.

“Кыргызстанда, жалпы эле дүйнө жүзүндө атаандаштыкка туруктуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда биз окуу жайлар бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Анткени, мындай кадамдар кыргыз билим берүүсүнүн, илиминин дүйнөлүк денгээлге чыгуусуна жардам берет. Бул багытта ОшМУ эң алдыңкы университеттердин бири жана “Elsevier” эл аралык илимий-изилдөөчүлүгүнө жазылууну сатып алуу боюнча консорциумдун демилгечиси болуп саналат.

Консорциум дүйнөлүк илимий изилдөө ааламына кирүүгө, өлкөдөгү билим берүүнүн, илимдин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот десек болот. Биз мындан 2 ай мурда кыргыз-орус ректорлордун форумуна келип катышып, ушул консорциумдун алкагында кандай иш аракеттер алып барыла турганды тууралуу да сүйлөшкөнбүз. Анда илимий журналдарды өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр орун алган”, - деген ректор Денис Фомин-Нилов “Elsevier” эл аралык илимий-изилдөөчүлүгүнө жазылууну сатып алуу боюнча консорциумга кирүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация ОшМУдагы билим берүү, илим изилдөө багытындагы түзүлгөн шарттар, санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышты.

“Elsevier” эл аралык илимий-изилдөөчүлүгүнө жазылууну сатып алуу боюнча консорциумга Кыргызстандагы 15 жогорку окуу жайы кирген, “Elsevier” менен Кыргызстандагы ЖОЖдордун консорциумунун провайдери катары ОшМУнун ортосунда 2023-жылдын 8-сентябрында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий