• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акылары арзандады. Тизме

Коом 0


Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандаганын маалымдап, алардын тизмесин жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан КР министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү макулдашылды.

Тактап айтканда, “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га арзандатылды.

Ошондой эле, Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады:

1) “Токмок Булак” ЖЧКсына катталган Токмок шаарынын базары, директору А.Сыдыгалиев;

2) “Токмок Мүрөк” ЖЧКсы, республикалык маанидеги мал базары, директору А.Ниязалиев;

3) “Ак-Кеме Рахман” ЖЧКсына катталган Токмок шаарындагы кийим базары, директору Ш.Раимов;

4) “Токмок” соода-базар комплекси, 23 соода контейнеринин ээси И.Юлдашев;

5) Токмок шаарындагы кичи дүң базар, ээси М.Ахмедов.

Ушундай эле келишим Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы “Кант” ЖЧКсына катталган базар, директору У.Мукеев тарабынан калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы “Береке” соода-базар комплексинде, директору Р.Мурадылов; Жайыл районундагы “Жайыл базары” соода-базар комплексинде, директору М.Шавкетов; Москва районунун Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында; Сокулук районундагы кичи базарларда - Новопавловка айылындагы “Нурлан”, администратору Р.Усубалиева; “Жибек-Жолу”, администратору Б.Маханов; “Сары-Өзөн”, администратору К.Абдыкалыков; мал базары, администратору У.Четимбаев; “Айбек”, администратору А.Курманбеков, “Заря”, администратору У.Шамырзаев; Панфилов районундагы - “Артел О” жана “Ак-Жолтой” кичи базарларында ижара баасы 30%га арзандады. Жайыл районунун (Кара-Балта шаары) унаа тетиктери базарынын ээси У.Ногойбаев ижара акысын 35%га төмөндөттү. Ошол эле учурда Кемин районунун кичи базарларында (Кеминдеги “Ажка” кичи базары, Орловка айылындагы “Бар Бол” кичи базары) ижара баалары 20%га арзандады.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 38 базар бар, алардын көбү жергиликтүү базарлар (“кичи базарлар” деп аталат), аларда ижара акысы жана кирешенин көлөмү борбордук соода-базар комплекстеринен, анын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан комплекстерден да олуттуу айырмаланат. Ошентсе да, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти.

Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Чүй облусу боюнча 8714 ККМ катталган, патенттин негизинде 5861 ишкер ишин улантууда).

Пикир

Оставить комментарий