• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. БШКга дагы бир талапкерден арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Баткен шайлоо округу боюнча талапкер 1993-жылы туулган Калпаев Бактияр Алиевичтен арыз түшкөн. Ал «Комфорт Хаус» ЖЧКсынын директору.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий