• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл мамлекет 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берет

Коом 0


Кыргызстанда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 200 миңден ашат. Жыл башында айтылган эсеп боюнча алардын 103 миңи ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө” көмөк социалдык төлөмдү алышат.

Мамлекет мындай катмардагы үй-бүлөлөрдү колдоо максатында өткөн жылдан тарта “Социалдык келишим” долбоорун иштеп чыгып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон бере баштады.

2022-жылы 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Бул жылы долбоорго жалпысынан аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Мамлекеттен алган каражатты алар кандай пайдаланып жатат? “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинова билип көрдү.

Пикир

Оставить комментарий