• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакырчылыктан улам балдар үйүнө ташталган наристелер көп – Төлөмүшева

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. "Биздин ата-энелери бар балдарды асырап алууга берүүгө акыбыз жок". Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь районунун башкы адиси Эльмира Төлөмүшева эл аралык жана улуттук бала асырап алуу системасындагы маселени талкуулоо учурунда билдирди.

"Үй-бүлөсү бар болуп интернатта турган балдар багып алууга берилбейт. Алар үй-бүлөсү социалдык-экономикалык кыйын абалда болгондуктан интернатта убактылуу турушат", - дейт Төлөмүшева.

"Баланын укуктарын коргоо лигасы" ачык коомунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, мамлекет интернаттагы ар бир бала үчүн ай сайын 20 миң сом бөлүп турган учурда анын энеси кедейликте жашап жатат.

Анын пикири боюнча, бул системаны карап чыгуу керек. Анткени, ата-энеси тирүү туруп бала интернатта болбошу кажет.

"Ошондой эле балдарды балдар үйүндө кароодо маселе бар. Бала ал жакка келгенде дени сак болсо, интернатта жүргөн учурда ооруп калат", - дейт Турдубекова.

Пикир

Оставить комментарий