• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Социалдык келишимдин” алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. “Социалдык келишим” программасынын алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Аялдардын ишкердиги – 2023” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди.э

Белгилей кетсек, президенттин демилгесине ылайык, 2022-жылдан баштап мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берип келет. Бир жыл мурун бул пилоттук долбоор болгон. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн бизнес-демилгелерин ишке ашырган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыган улуттук өлкөлүк программага айланды.

"Программанын аркасында 70 миңден ашык адам жашоосун жакшыртты, анын ичинен 43 миңи 16 жашка чейинки балдар. Программанын катышуучуларынын 96%дан ашыгы аялдар. Бул эл аралык деңгээлде таанылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун эң жакшы инструменттеринин бири", - деди министрдин орун басары.

Анын айтымында, Кыргызстанда аялдардын ишкердиги өзгөчө мааниге ээ болуп, акыркы жылдары жеке бизнесин түзүүнү жана өнүктүрүүнү чечкен аялдардын саны көбөйдү.

"Биз акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесиптик окутуу жана кесиптик багыт берүү, майыптыгы бар адамдарды, кайтып келген мигранттарды жумушка орноштуруу, анын ичинде аялдардын ишкердигин колдоо боюнча долбоорлор сыяктуу иш менен камсыз кылуунун активдүү чараларын ишке ашырып жатабыз.

Мындан тышкары, министрлик GIZ долбоору менен биргеликте кайтып келген мигранттар үчүн инструменттерди активдүү киргизүүдө. Бул долбоордун максаты кайтып келген мигранттарды, анын ичинде аялдарды иш менен камсыз кылуу программаларына тартуу, анын ичинде ишкерликтин негиздерине окутуу аркылуу жеке бизнести баштоо жана өнүктүрүү боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоого, ошондой эле кайтып келген мигранттарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө консультациялык жардам көрсөтүүгө багытталган", - деп белгиледи Жаңыл Алыбаева.

Пикир

Оставить комментарий