• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Жеңил атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дубай шаарында өткөн жарым марафон командалык Азия чемпионатынан кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды “Манас" эл аралык аэрпортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлдөрү, Жеңил атлетика боюнча федерациянын өкүлдөрү жана жакындары тосуп алды.

Эскерте кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында 21.097 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарым марафон командалык Азия чемпионатында алгачкы жолу Кыргызстандын кыздар курама командасы 1-орунду ээлеген.

Курама командада төрт кыз - Сардана Трофимова (1 саат 14 мүнөт 44 секунд), Гүлшана Сатарова (1:15:18), Мария Коробицкая (1:15:42) жана Айнуска Калил кызы (1:16:07) болгон. Жеке эсеп боюнча Сардана Трофимова үчүнчү орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий