• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футболчулар Дүйнө чемпионатынын тандоо баскычына катышуу үчүн Японияга учуп кетти

Спорт 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандоо баскычына катышуу үчүн Японияга учуп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Министр Кайрат Иманалиев 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндарына кетип жаткан футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы менен жолугуп, каалоо тилегин айтып узатты. Жолугушуу учурунда дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, Кыргызстандын курама командасы өз машыгууларын үзгүлтүксүз улантып келгендиги тууралуу сөз айтылды.

Министр өз сөзүндө оюндар мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, Кыргызстандын футбол күйөрмандары бул оюндарды чыдамсыздык менен күтүшөт деп кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы Япония, Мьянма жана Монголиянын курама командалары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий