• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө тилсиз жоодон 111,5 млн сомдук материалдык баалуулуктар сакталган

Аймак 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө тилсиз жоодон 111 млн 554 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2021-жылдын 5 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 137 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 13 млн 401 миң 859 сомду түздү. Ошол эле учурда өрттү өчүрүү учурунда өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аракетинин негизинде 111 миллион 544 миң сомдук материалдык баалуулуктар тилсиз жоодон сакталган.

Облустагы өрттүн жайылышы:

- Караколдо – 35 өрт кырсыгы катталды;
- Балыкчыда – 15;
- Ак-Суу району – 15;
- Жети-Өгүз району – 19;
- Ысык-Көл району – 22;
- Тоң району – 18;
- Түп району – 13.

Пикир

Оставить комментарий