• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында комуз күнү белгиленип, 100 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертишти

Аймак 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында комуз күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаар тургундары катышты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, “Акак-Ош” ансамблинин, “Этно-Ош” фольклордук тобунун, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун, Н.Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин комузчуларынын аткаруусунда Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсү жаңырды. Жалпысынан 100 комузчу күү чертти.

Вице-мэр Жасур Азимов кыргызстандыктарды куттуктап, бир катар комузчуларга Ош шаарынын мэриясынын атынан комуз белек кылды. Ошондой эле, ага улай Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов ишкананын атынан маданиятка кошкон салымдары үчүн бир катар чыгармачыл инсандарга Ардак громата тапшырды.

Белгилей кетсек, Комуз күнү Кыргызстанда 2019-жылдан бери 9-сентябрда белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий