• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу маселеси талкууланды

Спорт 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Азия жана Эл аралык чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын өнүктүрүү боюнча директору Захид Али менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстанда чөп үстүндөгү хоккейди өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери, Мектеп лигасынын программасына спорттун түрүн киргизүү, республикалык биринчиликти, ошондой эле Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында Борбордук Азия чемпионатын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Захид Али Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында улуттук чемпионат, ошондой эле Борбордук Азия чемпионатын өткөрүүнү сунуштап, ал үчүн тренердик курам сертификаттарды алып, AHF жана FIH ЖТ координациясы менен окуу-машыгуу семинарлары аяктаганын маалымдады.

Алтынбек Максутов мындай демилгени колдой турганын белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташуу тууралуу макулдашты.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын чөп үстүндөгү хоккей федерациясынын президенти Кубан Атагараев жана аталган федерациянын администрация директору Павел Савиндин катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий