• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык футзалчылар Жалал-Абадда окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын пландалган окуу-машыгуу жыйыны өтөт.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, машыгуулар 9-декабрда башталып, 19-декабрга чейин уланат.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина жыйынга 20 талаа оюнчу жана 4 дарбазачы чакырды.

Бул окуу-машыгуу жыйын 2024-жылы 17-28-апрелде Таиландда өтө турчу Азия Кубогуна даярдыктын баштапкы этабы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий