• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мамлекеттик жана маданият кызматкерлери арасында көк бөрү боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бишкекте 4-март күнү мамлекеттик жана маданият кызматкерлери арасында көк бөрү боюнча достук турнири өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке бардык мамлекеттик жана маданият кызматкерлери (көк бөрү сүйүүчүлөрү арасында) катыша алат.

“Чүчүкулак 3-март күнү кармалат. Катышуу үчүн командаларды каттоо Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында болот. Каттоо 1-март күнү саат 17:00 дө аяктайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий