• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек — Ташиев соодагерлердин митинги жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) ишке киргизилишине нааразы болгон ишкерлер боюнча комментарий берди.

Ташиев республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери бул ишмердүүлүктөн эбегейсиз киреше алып жаткан өлкөнүн эң бай адамдары экенин айтты.

Бирок базарларда жерди ижарага алып иштеп жаткан соодагерлер, контейнерлер үчүн ири суммадагы акча төлөп жатканы менен алар үчүн көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек", - деди Ташиев.

Мындан тышкары, бардык чакан ишкерлер акысыз контролдук кассалык аппараттар менен камсыз болуусу шарттыгы айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы кыргыз элине кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден сак болууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий