• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат:

- «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз);
- «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы;
- «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы;
- «Таңкы Жол» ЖЧКсы;
- «Нурлан плюс» ЖЧКсы (Бишкек-Түп).

Өз кезегинде аймактарга келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт. Каттамда №211, №123, №104, №285 кичиавтобустар жана №146 автобус иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий