• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Улуттук госпиталдагы бейтаптардан кабар алды

Ден соолук 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен бирге Улуттук госпиталга барышып, бейтаптардан кабар алышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр менен депутат оорукананын бөлүмдөрүн, палаталарды кыдырып, бейтаптар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурап, дарылануу үчүн уюштурулган шарттар менен таанышышты.

Ошондой эле Улуттук госпиталдын аймагында жайгашкан "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышышты.

Депутат Мирлан Самыйкожо жарандардын сапаттуу жана квалификациялуу медициналык кызматтарды алуусу керектигине токтолду. Ал ошондой эле аймактарды, тактап айтканда, Нарын облусунун Кочкор районун кыдырып, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалардын иши менен таанышканын белгиледи.

Мамлекеттик дарыкана ачуу министрдин эң жакшы демилгелеринин бири. Дары-дармектер чындыгында жеке дарыканаларга караганда арзан сатылуусуна өзүм күбө болдум. Бул ишти колдоо керек жана биз депутаттар да өз тараптан мамлекеттик дарыканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана колдоого даярбыз", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий