• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору менен жолугушту

Ден соолук 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы, доктор Ханс Клюге менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоонун бир катар маселелерин, анын ичинде 26-27-июнда Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык форумду уюштуруу жана өткөрүүнү талкуулашты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлери жана коңшу мамлекеттердин, ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдардын жетекчилери чакырылары айтылды.

Форумдун алкагында стратегиялык багыттагы тематикалык тегерек столдорду өткөрүү пландаштырылууда, бул саламаттык сактоонун маанилүү көйгөйлөрүнүн инвестициялык аспектине, алдыңкы тажрыйбага, инвестициялоо багыттарына жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында туура чечимдерге арналган.

Эл аралык форумдан тышкары быйыл Кыргызстанда ДССУ менен дагы эки маанилүү биргелешкен иш-чара өткөрүлөт: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата жарыш жана Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин биринчи конгресси.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алымкадыр Бейшеналиев доктор Ханс Клюгеге бул инвестициялык форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын колдоочу негизги өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы биздин республиканын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошууда.

«Кыргызстан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык ден соолуктун, бакубатчылыктын жана ден соолукту коргоонун зарыл деңгээлин камсыз кылууну каалайт. ДССУнун Бишкектеги Өкүлчүлүгү ар кандай тармактарда кызматташууга жана үзгүлтүксүз техникалык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт. Учурда ДССУ менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуунун негизин жети жылдык иш план түзөт», - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий