• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония Баткендеги гимназия-интернаттын жылуулук тармагын оңдоого грант берет

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Япония Раззаков шаарындагы №1 гимназия-интернаттын жылуулук системасын реконструкциялоого 12,6 миң доллар кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта гранттык келишимге кол коюу аземи өтүп, ага Япония элчиси Года Хидэки, КР билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев жана Раззаков шаарынын мэри Чынгызбек Рысов катышты.

Кайтарымсыз жардам Япония өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында берилмекчи.

Элчи Года Хидэки аталган программанын долбоорлору адам коопсуздугу жаатындагы негизги багыттары – саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык тармакты өнүктүрүүгө багытталганын, долбоор аркылуу берилген жабдыктар окуу жайдын шарттарынын жакшырышына жана жалпы Баткен облусунун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Бекжан Супаналиев гранттык программанын аймактардагы билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртууга кошкон салымын өзгөчө белгилеп, Япония өкмөтүнүн жардамын жогору баалады.

Маалымат үчүн: "Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу" гранттык программасы 1996 жылдан бери өткөрүлүп келет . Аталган программа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башкалардын аракеттери менен адамдын негизги муктаждыктарынын (Basic Human Needs) көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган программанын алкагында Кыргызстанда жалпы суммасы 12 млн 885 миң 831 долларды түзгөн 187 долбоор ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий