• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы жарыяланды

Ден соолук 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгын жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү ролду аткарат, демек, аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын бакубатчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалуусуна жана жакшыруусуна да салым кошот. Бүткүл өлкө боюнча белгиленип жаткан "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы аялдардын жугуштуу эмес ооруларын алдын алууну жана эрте аныктоону колдоого багытталган.

Калкка жугуштуу эмес ооруларды (мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыз жашоо образы) алдын алуу жана алардын тобокел факторлору жөнүндө маалымат берүү ошондой эле баштапкы медико-санитардык жардам деңгээлинде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү акциянын негизги элементтери болуп саналат.

"Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы жыл сайын октябрь айында өткөрүлөт жана бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары алдын ала кезекке жазбастан аялдарды текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган Ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий