• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров “Борбор Азия – Германия” биринчи Саммитине катышты

Президент 0


Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Берлинде (Германия) “Борбор Азия – Германия” Саммитине катышты.

Иш-чарага Германиянын Федералдык Канцлери Олаф Шольц, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө жаңы форматтагы бүгүнкү Саммиттин маанилүүлүгүн белгиледи. Бул кызматташтыкты кеңейтүү жана аны стратегиялык аймактык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткирүү үчүн маанилүү этап.

Мамлекет башчысы заманбап коркунучтардын шартында Кыргызстандын бир беткей жана бекем позициясыны карманарын белгиледи, бул – бардык пикир келишпестиктер сүйлөшүү үстөлүндө жана тынчтык жолу менен гана чечилиши керек.

Ошондой эле, Садыр Жапаров чогулгандардын көңүлүн салттуу товар жеткирүү чынжыры үзүлгөнүнө буруп, Евробиримдиктин жана ага мүчө-мамлекеттердин колдоосу менен соода-экономикалык мамилелерди диверсификациялоого мүмкүн болоруна ишеним артты.

Президент энергетикалык ресурстардын колдоосу жок экономикалык кызматташтыкты куруу, өнөр жайды өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Борбор Азия чөлкөмү өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалына өзгөчө бай.

Бул контекстте Садыр Жапаров инвесторлорду жана эл аралык өнөктөштөрдү аймактагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана башка “жашыл” долбоорлорду куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө чакырды.

“Бүгүнкү күндө жаратылышка аяр мамиле кылуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери өзгөчө артыкчылыкка ээ болууда. Негизи климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азыртан эле бардык жерде көрүп жатабыз.

Кыргызстан үчүн мындай көйгөй аймактагы суунун булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши. Мөңгүлөрдүн жалпы аянтынын кыскарышы сөзсүз түрдө суунун деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет жана бүтүндөй Борбор Азия үчүн терс социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келет.

Ушул себептен мөңгүлөрдү сактоо маселелерин Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылган негизги милдеттердин бири катары кароо керек.

Буга байланыштуу Германиянын “Жашыл Борбор Азия” демилгеси абдан актуалдуу жана өз убагында. Аны ишке ашыруу аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берет. Ушуга байланыштуу Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун аймактык стратегиясын, ошондой эле бул демилгенин алкагында ишке ашырылып жаткан аймактык долбоорлорду иштеп чыгууну толугу менен колдойт”, - деп белгиледи президент.

Бул багытта Садыр Жапаров аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү да стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн негизин түзүшү керектигин белгиледи.

Анын потенциалдуу багыттарынын бири “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боло алмак. Аймактык жана аймактар аралык интеграция жалпы келечегибиздин негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Борбор Азия менен Германиянын кызматташтыгын ырааттуу жана ар тараптуу чыңдоону жактай турганына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров германиялык кесиптештери үчүн бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары Борбор Азия аймагы менен өз ара аракеттенүү инвестициялык, соода-экономикалык жагымдуулукту олуттуу жогорулатат деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий