• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Гаагадагы арбитраждык сотто казакстандык компанияны утуп чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстан Гаагадагы (Гаага Туруктуу Арбитраждык соту) арбитраждык соттон утуп алды, анын жалпы суммасы 50 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүү ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламентине (2010) ылайык казакстандык компания тарабынан демилгеленген.

Доогер тарабынан Таш-Көмүр шаарында комплекстүү ферросплавдар заводун куруу боюнча ишке ашырылбаган долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан инвестициялардын экспроприациялангандыгына жана инвестицияларды коргоо жөнүндө эл аралык макулдашуулардын, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамдын жоболорунун бузулгандыгына байланыштуу 50 млн.$ өлчөмдө компенсацияны төлөө боюнча талаптар коюлган.

2021-2023-жылдарда Тараптар арбитраждык трибуналга талаш-тартыштын маңызы боюнча аргументтер менен тиешелүү жазуу жүзүндөгү позицияларды жана материалдарды берген.

Финалдык угуу 2023-жылдын апрелинде Нидерландиянын Гаага шаарында болгон.

2023-жылдын 28-сентябрында трибуналдын курамы (3 арбитрден турган) бир добуштан арбитраждык чечимди чыгарган, анда бул талашты кароого анын компетенциясынын болгондугун тааныган, ошондой эле доогердин доо талаптары каралууга тийиш деп тааныган.

Арбитрлердин курамы тарабынан Кыргызстандын доогер билдирген зыяндарга алып келген өз милдеттенмелерин бузгандыгы аныкталган эмес.

Арбитраждык трибунал бир добуштан доогердин Кыргызстанга карата кандайдыр бир зыянды компенсациялоо талабын толугу менен четке кагуу жөнүндө токтомун чыгарган.

Мындан тышкары доогерге бардык чыгымдарды - Арбитрлердин курамынын гонорарларын жана Туруктуу арбитраждык соттун (Hague Permanent Court of Arbitration) административдик чыгымдарын төлөө жүктөлгөн.

Угуулар Гаага шаарында өткөн, бирок арбитраждык процесстин юрисдикциялык жери Улуу Британиянын Лондон шаары болуп саналат жана 1996-жылдагы Арбитраж жөнүндө англис мыйзамынын жоболоруна ылайык финалдык арбитраждык чечимге карата Арбитраж жөнүндө англис мыйзамынын 68-бөлүмүндө белгиленген негиздердин чегинде чечим чыгарылган датадан тартып 28 күндүн ичинде даттанууга болот.

Пикир

Оставить комментарий