• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда тамактануучу жайдан уулангандардын саны 40ка жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу шаардык мэрия Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовго шилтеме менен билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда уулангандардын 28и ооруканада болсо, 12си үйүндө дарыланууда.

Белгилей кетсек, аталган жайга 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарды тез татымдардан тамактанбай турууга чакырат. Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен учурда шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий