• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап ооруканадан үйүнө чыгарылды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, 1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтаптан кабар алды.

Министрликтен билдиришкендей, бөйрөгөн алмаштырган бейтаптын донору атасы болгон.

Алымкадыр Бейшеналиев алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты. "Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”, - деп кошумчалады министр.

Өз кезегинде атасы менен кызы өлкө президентине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

"Садыр Нургожоевичтин аркасы менен кызыма бекер операция жасалды. Операцияга өзү катышкан саламаттык сактоо министрине дагы терең ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтүү жана сапаттуу операция жасап бергени үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлерине жана дарыгерлер тобуна ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылып жатабыз", - деди бейтаптын атасы.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.

Пикир

Оставить комментарий