• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда былтыр 13 миңден ашык адам үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган, алардын 95%ы аялдар

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылы 13 миң 104 адам (32%) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан. Алардын 95%ы аялдар. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева "“Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо" улуттук форумунда айтты.

Министрдин орун басары мындай сандар ИИМдин былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча берген көрсөтүлгөндүгүн баса белгиледи.

"Жабыркагандардын санынын көбөйүшү кооптондурат, бирок ошондой эле коомдо үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталып, иликтенип жатат деген үмүт бар.

Учурда Эмгек министрлиги жарандык сектор менен биргеликте 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигине жетишүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда, ал жакын арада кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды жана кыздарды колдоо боюнча мамлекеттик Борборду ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо көрсөтүп келет. Эгерде 2019-2023 - жылдар аралыгында борборлорду каржылоо көлөмү 5,4 млн сомдон 7,0 млн сомго чейин көбөйтүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылы каржылоо көлөмү 7,0 млн сомдон 12,0 млн сомго чейин көбөйтүлгөн", - деди ал.

Форумдун ишине мамлекеттик органдардын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар гендердик зомбулукка жооп кайтаруу боюнча улуттук серепти, зомбулуктан жабыр тарткан майыптыгы бар аялдарга жардам берүүнүн өзгөчөлүгүн, ошондой эле гендердик зомбулуктан аман калгандарга натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоону өнүктүрүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий