• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германия жарандарды ишке тартууда Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек. 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федералдык өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, Германияга иштөө жана окууга келген КР жарандарына визалык жеңилдиктерди берүү маселелери талкууланды.

Өкмөттүн атайын өкүлү Штамп Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин билдирип, эмгек ресурстарын тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар бул маселелер боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий