• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызмаатынан билдиришкендей, кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.

=Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.

Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдын ала жазылуу менен жүргүзүлөт.

Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:

- кош бойлуулук;

- этек кир;

- скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.

Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.

Ведомстводон кошумчалашкандай, вялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий