• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда хирургдар башына ок тийген бейтапты сактап калышты

Ден соолук 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын нейрохирургдары баш мээге оор операция жасашты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медицина илимдеринин кандидаты, облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын эмгегинин аркасында бейтапты сактап калууга мүмкүн болгон.

Аталган ооруканага башына октон жаракат алган бейтап түшкөн. Ок бейтаптын башынын оң жагына тийип, мээге кирип кеткен.

Белгиленгендей, операция ийгиликтүү өткөн, бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий