• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин тургундары көбүнчөсү кан айлануу системаларынын ооруусунан жана рактан каза табат

Ден соолук 0

Бишкек, 30.10.18. / Кабар/. Бишкек шаарынын жашоочулары көп учурда кан айлануу системаларынын ооруусунан көз жумат. Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

“Бишкек шаарынын калкы көз жумган учурдун 50,5%ы кан айлануу системаларынын ооруусуна, 3,0% - тубаса илдет, 2,9% - дем алуу органдарынын ооруусу, 5,9% - тамак сиңирүү органдарынын илдети, 7,6% - өлүмдүн сырткы себептери (жол кырсыгы ж.б.), 8,5% - перинаталдык мезгилге туура келет жана 14,4% - рак, 5,1% - башка себептер”, - деди Чолпонбаев.

Пикир

Оставить комментарий