• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жумалыгы башталды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. 28-октябрдан тарта Баткен облусунда “Ч.Айтматов улуттун улуу тоосу, кыргыздын өчпөс жылдызы” аталышындагы жумалыгы салтанаттуу башталды.

Иш-чаранын алкагында залкар жазуучунун өмүр таржымалы, эмгек жолун чагылдырган сүрөт жана китеп көргөзмөлөр өтүүдө. Ошондой эле жазуучу өз колу менен отургузган чынар терекке таблица илүү иш-чарасы өтүп, кинотеатрда Айтматовдун калемине таандык кинолор коюлууда.

Ал эми Баткен облустук гимназия жатак мектебине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу иш-чарасы өтүп, ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер катышкан. Аталган мектептин окуучулары тарабынан чакан музыкалык композиция тартууланды.

Алдыда бир жума бою облустун бардык аймактарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт. Ал эми Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында "Жамийла" повести сахналаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий