• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тергөөдө Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Тергөөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда.

"Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар", - деп айлыта маалыматта.

Учурда Икрам Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

Эске салсак, буга чейин Биринчи Май райондук сотунда отурум өтүп, анын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, күнөөлөнүп жаткан Икрамжан Илмияновго УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлгөн.

2018-жылдын июнь айында КРдан чыгып кеткен Илмияновго издөө жарыяланып, кийин ал Россиянын аймагынан кармалган. Андан соң Бишкекке жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий