• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Зилалиевдин мыйзамсыз баюу боюнча иши сотко жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан айыптоо актысы түзүлүп, Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы, Зилалиевдин КР Кылмыш кодексинин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча шектелип иликтенип жаткан ишин аяктаган.

Зилалиев 2010-2017-жылдар аралыгында мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай кызматтарды ээлеп турганда наркы анын расмий кирешелеринен ашкан мүлктү алганы боюнча шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий