• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жугуштуу оорулар ооруканасында кезек күткөндөрдүн саны көбөйдү – башкы дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 01.11.18. / Кабар/. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында кезекке тургандар көп болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине бейтапкананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жардам сурап ооруканага 450 бейтап кайрылган, ал эми оорукана 400 адамга ылайыкташтырылган.

“Бейтаптарды коридорго жаткырууга туура келүүдө”, - дейт Аалиев.

Азыркы тапта ооруканада 353 бала дарыланып жатат. Күнүнө бейтапканага 250-300 адам кайрылууда. Күндүзү кабылдамада 6 дарыгер, түнкүсүн 3 дарыгер нөөмөттө туруп жатат.

Башкы дарыгердин айтымында, 146 бейтап курч ичеги инфекциясынан, 58 гепатиттен, 75 адам курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы , бир адам уулануудан жана 20дан ашык бейтап кызылчадан дарыланууга жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий