• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин жашоочулары дем алуу органдарынан көбүрөөк ооруй баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын жашоочулары дем алуу органдарынан көбүрөөк ооруй баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Гүлнара Сарыбаева билдирди.

Анын айтымында, айлана-чөйрөнүн абалы калктын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет.

“Ошентип, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы дем алуу органынан ооруган 217 миң 211 учур катталган, бул 2020-жылга (152 миң 512) салыштырмалуу бир канчага көптүк кылат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти оорулардын төмөнкү түрлөрүн бөлүп көрсөтөт: дем алуу органдарынын оорулары, көрүү органдары, нерв системасы, кан жана кан айлануу органдарынын оорулары, тубаса кемтиктер жана залалдуу шишиктер, уулануу экологиянын зыяндуу таасирине эң мүнөздүү, расмий катталган реакция болуп саналат жана булгоочу заттын узак мөөнөттүү, өнөкөт таасирин чагылдырат.

Пикир

Оставить комментарий