• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир күндө жугуштуу оорулар ооруканасына 160 адам кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Күн мурун, 11-мартта Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына 160 адам кайрылып, алардын 75и балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын 44ү ооруканага жаткырылган, алардын 35и жаш балдар.

"Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 20 адам кайрылса, алардын 10у ооруканага жаткырылып, 10 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 31 адам кайрылган. Алардын ичинен 12 бейтап ооруканага жаткырылып, 19 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлдү", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий