• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын Неонатологдор ассоциациясынын форуму өтүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын Неонатологдор ассоциациясынын 4-форуму өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум 26-27-28-май күндөрү ведомствонун иш-планына ылайык өткөрүлүүдө.

Иш-чарада өлкөнүн бардык аймактарынан келген 65 неонатолог неонаталдык жардам көрсөтүүнүн учурдагы эффективдүү тажрыйбаларын талкуулашууда. Ошондой эле форумга Россиядан белгилүү адистер - медицина илимдеринин доктору Э.Хаматханова жана медицина илимдеринин кандидаты К.Титков чакырылган.

Форумда жаңы төрөлгөн ымыркайларды жана ара төрөлгөн ымыркайларды интенсивдүү терапия жана реанимациялоо, тубаса жүрөк оорусуна эрте скрининг маселелери талкууланып, ДССУнун 2022-жылдагы “Балдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү” чөнтөк колдонмосу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий