• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда балдардын ашыкча салмак кошуусу изилденет

Ден соолук 0

Бишкек, 22.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда туура тамактануу адамдардын жашоосундагы маанилүү компоненттердин бири. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Ал туура тамактануу өзгөчө балдарга таасир берерин белгиледи. “Тузга йоддун кошулушу же балдар азыктарына башка кошумчаларды туура кошуу бул абдан туура. Туура тамактануу балдардын өсүүсүнө, салмагына жана аң-сезимине таасир берет”, - деди ал.

Исмаилова өлкөдө башталгыч класстардын балдарынын арасында деморгафиялык изилдөө башталарын айтты.

Биринчи кезекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Гүлмира Ташмурзаева мындай изилдөо Кыргызстанда алгачкы ирет жүргүзүлүп жатканын айтты.

“Биз балдар кандай өсөрү тууралуу базалык маалыматтарды алууну каалайбыз. Европада бул багыттагы иштер мурдатан эле жүргүзүлөт. Изилдөө балдар тууралуу бардык нерсени билүүбүзгө жардам берет”, - деди ал.

Кыргызстанда өлкөнүн 150 мектебинен 6-7 жаш курагындагы 7 миң баланы камтуу пландалууда. Изилдөөгө кеминде үч ай кетет. Сентябрга жакын жыйынтыктар чыгат.

“Биздин балдар ашыкча салмак менен өсүп жатышат. Биз салмагы жетпеген жана ашыкча салмактагы балдардын пайызын билели деп жатабыз”, - деп кошумчалады Ташмурзаева.

Ал кеминде 40 атайын окутулган адам аймактарга барып, мектептерде иш жүргүзүшөрүн айтты.

БДСУнун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Ярно Хабихт Европада мындай изилдөө төрт жолу жасалганын билдирди.

“Анда ар бир бешинчи бала ашыкча салмак кошуудан жабыркай тургандыгы аныкталган. Биз бул көрсөткүчтөр Кыргызстанда төмөн деп ишенебиз. Кеңири маалыматты бир нече айдан кийин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча биле алабиз”, - деди ал.

Долбоор Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан каржыланат. Жалпысынан 30 мин доллар бөлүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий