• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 22-марттан тарта жылуулукту өчүрө башташты

Коом 0

Бишкек, 22.03.18/Тумара Туратбекова – Кабар/. 22-марттан тарта Бишкекте жылуулукту өчүрө башташты. Мурда калаа башчы Албек Ибраимов 2017/2018 жылуулук мезгилин токтотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы 5 күн бою +8 градус болгон кезде жылуулук берүү өчүрүлөт.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +12...21 градус жылуу болууда.

Эске сала кетсек, Бишкекте жылуулук мезгили көйгөйлөр менен коштолду. 26-январда ЖЭБде бузуулуу катталып, натыйжада көптөгөн турак-үйлөр жана социалдык мекемелер жылуулуксуз калышты.

Бузулуу болгон күндөрү абанын температурасы 25 градуска чейин суук болгон. Жылуулук үйлөргө 30-январда тарта бериле баштаган.

Пикир

Оставить комментарий