• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланып, мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын туруктуу өнөктөшү экенин белгилеп: “Эгемендүүлүк алган жылдардан бери жигердүү кызматташып келебиз. Айрыкча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн колдоолор чоң мааниге ээ”, – деди.

Муну менен катар COVID-19 пандемиясынын учурунда берилген жардамдар үчүн ыраазычылык билдирген төрага кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

“Азыркы тапта Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу жаатында көп иштер жасалууда. Андыктан аталган программанын алкагында да БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташууга кызыкдарбыз. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу жаатында да биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну көздөйбүз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 14-декабрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы жарыяланганын айткан Төрага: “Кыргыз тарап бул беш жылдык пландын алкагында тиешелүү жол картасынын долбоорун иштеп чыкты. Андыктан аны ишке ашыруу боюнча да тыгыз иш алып баруу башкы максатыбыз”, – деп кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев Луиз Чемберлендин ишине жогору баасын берип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү катары жигердүү иштегенин белгилөө менен Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми Луиз Чемберлен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан аткарылган иштерге кеңири токтолуп, Туруктуу өкүл катары иштеген мезгил аралыгында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин ролу чоң. Андыктан калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүнү улантабыз. Айрыкча, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында тыгыз иш алып баруубуз кажет”,– деген Луиз Чемберлен экология, жашыл экономика, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Пикир

Оставить комментарий