• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумабеков: ЖК көп тармактуу реформаларга мыйзамдык негиз түзүп берүү менен, жакындан колдоо көрсөтө алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Өткөн сессия мезгилинде өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого, жүргүзүлүп жаткан реформаларды мыйзамдык жактан камсыз кылууга, экономиканы өнүктүрүүгө, калк турмушун жакшыртууга багытталган 124 мыйзам, 615 токтом кабыл алынды. 108 мыйзамга Президент тарабынан кол коюлду. Жарандардын 23697 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 1233 жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин IV сессиясынын жыйынтыгына арналган маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди.

“Өзүӊөр күбө болгондой, депутаттарыбыз сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен, мамлекеттин мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүүгө, улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынды, өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз парламенти көп тармактуу реформаларга мыйзамдык негиз түзүп берүү менен, аларга жакындан колдоо көрсөтө алды”, - деди Дастанбек Жумабеков.

Төрага өткөн сессия коомдук-саясий окуяларга мол болгонун, кыргыз парламенти алардын чордонуна айланганын айтып, журналисттердин көӊүлүн Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу заманбап технологияларды пайдалануу менен өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарына бурду. Анын пикиринде, президенттик шайлоо жалпы коомчулук менен байкоочулардын көзөмөлүндө ачык-айкын, таза өттү, ал аркылуу мамлекеттик бийлик тизгинин тынч жол менен өткөрүп берүү салтынын бекемделишине өбөлгө түзүлдү.

“Бул саясий өнөктүк көп мамлекеттерге кызыгуу туудуруу менен бирге, алар үчүн үлгө да боло алды десек жаӊылышпайбыз. Ал шайлоону “бир адам – бир добуш” принцибинде өткөрүүгө боло турганын, ошондой эле Кыргызстан парламенттик демократия жолунда келатканын далилдеди. Шайлоонун ачык-айкын жана таза өткөнүн эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да тастыктады”, - деп, Төрага өткөн сессия мезгилинде парламент тарабынан коомчулуктун көӊүлүн өзүнө өзгөчө бурган Өкмөткө ишеним көрсөтпөө, Башкы прокурорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө сындуу орчундуу окуяларга да саясий баа берилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарып, аны үзбөй чагылдырып, жалпы коомчулукту маалымдар кылып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине, анын ичинде парламенттик кабарчыларга жалпы депутаттардын атынан ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊешинин IV сессиясы ишин аяктады. Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки V сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий