• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. ТүркПАга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу кеңештин жыйынында Казакстан Мажилис парламентинин төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, ТүркПАга Казакстан төрагалык кылган учурда бардык маселелер чечилди.

“Казакстандын төрагалык кылуусундагы аткарылган иштерге жогорку баа берилди. Ар бир өлкө менен кызматашууну жогорку деңгээлге жеткирдик. Бул абдан жакшы көрсөткүч боло алды. Мындай делегаттар бүгүнкү күндө пикир алмашып, талкуулай турган дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Бүгүн биздин атайын комиссиянын отчету угулат”,-деди ал.

Исимбаева ошондой эле, ТүркПА эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташуу боюнча иш алып барууда деди.

Ал ТүркПАга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берген соң, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков расмий түрдө ТүркПАнын жыйынын ачты.

Пикир

Оставить комментарий