• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Кыргызстан Япония көрсөткөн колдоону жогору баалайт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Япон эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (JICA) президенти Шиничи Китаока жолугушту.

Өкмөт башчы Китаоканы жылуу тосуп алып, андан соң тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн отурушту.

Премьер-министр билдиргендей, Кыргызстан Япония көрсөтүп жаткан колдоону жогору баалайт.

“Япония Кыргызстанга көз карандысыздык орногондон тарта биринчилерден болуп колдоо көрсөттү. Кыргызстандын Япония менен болгон эки тараптуу кызматташуусундагы 20 жыл ичинде өлкөлөр ортосунда достук алака түзүлдү”, - деди Абылгазиев.

Ал Кыргызстан менен Япония экономиканын дээрлик бардык багытында кызматташып келе жаткандыгын айтып, бул оң жыйынтыктарды берип жаткандыгын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол койо тургандыктары күтүлүүдө жана “Манас” аэропортуна атайын техника берүү аземине катышышат.

Пикир

Оставить комментарий