• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров ЖЭБдин айланасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) келип, ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин толук кандуу иштешин үзгүлтүккө учураткан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин маалыматына караганда, 100дөн ашык куруучу борбор калаадагы ЖЭБдин бузулган жерлерин калыбына келтирүүгө киришти.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдын алдын ала себептери жарыяланды, атап айтканда, окуяга бир нече факторлор кошулганы белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, президенттин тапшырмасына ылайык өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептерин изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасы Россия Федерациясынан өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келээрин кошумчалады.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров медициналык мекемелерди, реабилитациялык борборлорду жана башка социалдык объектилерди жылуулук менен жеткиликтүү деңгээлде камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана борбордун мэриясына берди.

Мындан тышкары, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий